КР ТИМдин 2024-жылдын 4-июлуна карата маалымат билдирүүсү

Москва шаарында кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жараны Т.А. кармалышы жана анын 2023-жылы туулган жашы жете элек баласы И.У. адистештирилген балдар мекемеге өткөрүлүп берилгендиги тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматка байланыштуу, Министрлик төмөндөгүлөрдү билдирет.

Ү.ж. 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Москва шаарынын Тушинский району боюнча тергөө бөлүмүнө консулдук чыгуу аткарылып, тергөө тобунун улук тергөөчүсү менен жолугушуу өткөрүштү, ал бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары аяктагандыгын жана иштин материалдары сотко жөнөтүү үчүн даярдалып жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле, ү.ж. 28-июнунда Элчилик Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте кармалган Т.А. аттуу жарандын жашы жете элек баласын жакын туугандарына өткөрүп берүү маселесин, Кыргызстанга коштоп баруу жана атасына өткөрүп берүү иштерин карап чыгышты.

Бүгүнкү күндө, кармалган Т.А. аттуу жарандын баласы Кыргызстанга келип, атасы менен бирге.

Азыркы учурда, Т.А. аттуу жарандын маселеси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Элчиликтин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK