Башкы консул М.Тентимишов Урал туризм ассоциациясынын президенти М.Мальцев менен жолугушту

2024-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов Урал туризм ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев менен жолукту.

Жолугушууда консулдук мекеменин башчысы маектешине Кыргызстандын туризм тармагында болуп жаткан оң өзгөрүүлөрү, туристтик объектилердин, анын ичинде санатордук-курорттук мекемелердин инфраструктурасынын жана жолдордун жакшыруусун, маркетингдин жана тейлөөнүн сапатынын жогорулашы боюнча айтып берди. Ысык-Көлдүн жээгинде россиялык туристтер жана спортчулар үчүн жыл бою эс алуу жана машыгуу аянтчаларын уюштурууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү бар экендигине көңүлүн бурду.

Өз кезегинде М.Мальцев кыргыз багытынын популярдуулугун белгилеп, 2024-жылдын октябрында Уралдын борборунда өтө турган «EXPOTRAVEL» Эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

Маектин аягында тараптар Кыргызстанга биргелешкен маалыматтык турларды уюштуруу аркылуу жаңы багыттарды жана каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү менен туризм тармагында жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK