Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жетектеген делегация «ИННОПРОМ-2024» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жетектеген делегация «ИННОПРОМ-2024» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө (Екатеринбург ш., 2024-жылдын 8-11-июлу) катышты.

Кыргызстандын экспозициясында «Интергласс» ЖЧКсы, «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсы, «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы, «Жаннат Компани» ЖЧКсы, «Скай Индустриал Групп» ЖЧКсы, «Кыргызиндустрия» ЖЧКсы жана башка ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан сунушталган өнөр жай, курулуш, тигүү жана текстиль продукцияларынын кеңири линейкасы жайгаштырылды. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Михаил Головченко кыргыз делегациясынын башчысынын коштоосунда Улуттук стенд менен таанышты.

Ушул эле күнү иш-чаранын негизги стратегиялык жыйынына Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышып, доклад жасады.

Көргөзмөнүн алкагындагы негизги иш-чаралардан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин делегациясы Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекеттик тышкы соода министри Тани Бин Ахмед Аль Зейуди, «Абу-Даби Портстун» биринчи вице-президенти жана «Экономикалык шаарлар, эркин зоналар» кластеринин жетекчиси Абдулла Аль Хамели менен иштиктүү («иштиктуу» заменить другим словом) жолугушууларды өткөрдү.

Маалымат катары: «ИННОПРОМ» көргөзмөсү 2010-жылдан бери Екатеринбургда жыл сайын өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги темасы «Технологиялык өнөктөштүк: келечектин имиджин калыптандыруу» болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK