2019-жылдын 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Кочкоров Москва шаарында эмгектенип жатышкан мекендештер жана кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын активисттери менен жолугушту

2019-жылдын 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Кочкоров Москва шаарында эмгектенип жатышкан мекендештер жана кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын активисттери менен жолугушту. Жолугушууга КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр чогулгандарга КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кыргызстандын калкын социалдык кепилдиктер менен камсыздоо, анын ичинде пенсия, ар кандай жөлөк пул төлөө, өлкөдө жакырчылыкты кыскартуу боюнча аракеттерди көрүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып берди.

Өз кезегинде жолугушуунун катышуучулары Россияда эмгектенип жатышкан КРнын жарандарына тиешелүу социалдык жана пенсиялык камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүп, тийиштүү сунуштарды да беришти.

Министр КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин комптенециясына кирген маселелер боюнча бардык кызыктыруучу суроолорго жооп берип, өлкөнүн калкынын бакубаттуулугун камсыздоодо тандалган курста иш уланарын ишендирип кетти. 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK