2019-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков КМШга катышуучу-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйындын алкагында эл аралык жана регионалдык актуалдуу көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болуп, Шериктештиктин органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун айрым аспекттери талкууланды. 

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2019-жылга ТИМдер аралык көп деңгээлдүү консультациялардын планын бекитип, аскердик, укук коргоо, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган документтерди карап чыгышты. Атап айтканда, тараптар фундаменталдык изилдөөлөр, музейдик иш, маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин козгогон документтердин долбоорлорун, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштун башталгандыгынын 80 жылдыгына байланыштуу КМШга катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Билдирүүсүнүн долбоорун жактырышты.

Кыргыз тарабынын демилгеси боюнча КМШга катышуучу-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушта аскерлердин көмүлгөн жерлерин жана аскерлердин эстеликтерин сактоо жана талаптагыдай күтүү зарылчылыгы жөнүндө Кайрылууну  кабыл алды. 

Ушуга байланыштуу, Министр Ч.Айдарбеков каармандык менен курман болгон аскерлерди эсте тутуп, КМШга мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элинин фашизмге каршы күрөшүүдө эрдиги жана каармандыгы жөнүндө эс-тутумун түбөлүккө калтыруу жана сактоо боюнча зарыл күч-аракеттерди жана чараларды кабыл алууга багытталган биргелешкен чакырыкты камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Москва шаарында  КМШ өлкөлөрүнөн кесиптештери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

КМШ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кийинки жыйыны 2019-жылдын 10-октябрында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүүсү пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK