2022-жылдын 1-августуна карата маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин консулдук кызматкери 2022-жылдын 29-июлунда Германиянын Ганновер шаарында жол кырсыгына дуушар болгон, «Ferien Job» жайкы студенттик программасы боюнча убактылуу иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Б.к.С.тин абалын, окуянын жагдайларын тактоо, ошондой эле, ага керектүү жардам көрсөтүү үчүн Ганноверге барып келди.

Иш-сапардын алкагында жабырлануучу, иш берүүчү, полиция жана медициналык мекеменин кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле, башка кыргызстандык студенттер менен маектешүү болду. 

Жабырлануучу менен анын жанындагы студенттердин айтымында, Б. к.С.ны 2022-жылдын 26-июлунда өтүүгө уруксат берилбеген жерден бараткан учурда полициянын унаасы сүзүп кеткен жана ал ооруканага жеткирилип, ага ыкчам жардам көрсөтүлгөн.

Дарыгерлердин айтымында, Б. к.С.нын абалы туруктуу (диагнозу – мээнин чайкалышы).

Учурда жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүү, ага компенсация төлөп берүү жана иш берүүчү тарабынан кайра Кыргызстанга кайтууга авиабилет сатып берүү, ошондой жергиликтүү укук коргоо органдары менен окуяга тиешелүү юридикалык маселелер Элчилик тарабынан каралууда.

Маселе Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK