КР ТИМдин АКШ визаларын алуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү тартибиндеги жол-жоболоруна киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн Америка Кошмо Штаттарынын визаларын алуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү тартибиндеги төмөнкү өзгөрүүлөргө бурат.

2024-жылдын 10-июнунан тартып Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмү америкалык визаларын алуу үчүн арыз берүү процессин жөнөкөйлөтүү максатында визага маектешүүгө жазылуунун (каттоонун) жаңы системасына өттү. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн https://ais.usvisa-info.com шилтемеси боюнча өтүү же Kyrgyzstan.Visas@gdit-gss.com дареги боюнча электрондук почта аркылуу байланышуу керек. 

Учурдан пайдаланып, Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK