"Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборуна Россия Федерациясында жашаган кыргыз мекендештеринин 100 баласы дем алууга келишти

2022-жылы 1-августта Ысык-Көл облусундагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборуна Россия Федерациясынын Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарында, Пермь аймагында, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарында жашаган кыргыз мекендештеринин 100 баласы дем алууга келишти.

Окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий ишмердүүлүктө айырмаланган балдардын тизмеси Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарындагы, Пермь аймагындагы, Россия Федерациясынын Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарындагы кыргыз коомдук диаспоралык уюмдарынын жетекчилери тарабынан түзүлдү.

Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу тарабынан ишке ашырылып, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдарынын тарыхый мекени менен байланышын колдогон жана Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууга багытталган алгачкы долбоор болуп эсептелет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK