Башкы консул Максат Тентимишов Урал соода-өнөр жай палатасынын президенти Андрей Беседин менен жолугушту

2024-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишовдун жана Урал Соода-өнөр жай палатасынын президенти Андрей Бесединдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу М.Тентимишовду Башкы консул кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жана Урал соода-өнөр жай палатасынын имаратын кыдыруу менен башталып, анда А.Беседин уюмдун тарыхы жана калыптануусу боюнча айтып берди.

Сүйлөшүү үстөлүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун ортосундагы металлургия, машина куруу, энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, айыл чарба, логистика, фармацевтика жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-орус аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөө, боордоштук мамилелерди кеңейтүү, ар кандай презентацияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле кыргыз жана орус ишкерлеринин катышуусунда өз ара бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Президент А.Беседин Палата М.Тентимишовго Башкы консул ордунда үзүрлүү ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн ар тараптан көмөк көрсөтөөрүнө ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK