Башкы консул Максат Тентимишов Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

2024-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Харлов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Башкы консулдуктун тейлөө аймагына кирген Россия Федерациясынын субъекттеринин (Пермь крайы, Свердлов, Челябинск, Тюмень, Курган облустары жана Екатеринбург шаары) ортосундагы аймактар аралык байланыштарды, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүү, ошондой эле алдыдагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеген делегациянын «ИННОПРОМ - 2024» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө (Екатеринбург, 2024-жылдын 8-11-июль) катышуу үчүн боло турган иш сапары боюнча маселелерди талкуулашты.

Анда консулдук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар соода, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, туризм, саламаттыкты сактоо, билим берүү ж.б. багыттардагы эки тараптуу аймактар аралык мамилелердин бардык спектри боюнча жигердүү иштерди улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK