«Бедел» эл аралык өткөрүү пунктун ачуу тууралуу кошумча макулдашууну түзгөн дипломатиялык ноталар менен алмашуу процедурасы өттү

2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь 1996-жылдын 6-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими жөнүндө макулдашууга «Бедел» эл аралык өткөрүү пунктун ачуу тууралуу кошумча макулдашууну түзгөн дипломатиялык ноталар менен алмашуу процедурасын өткөрүштү.

«Бедел» (Кыргыз Республикасы) – «Бедел» (Кытай Эл Республикасы) эл аралык өткөрүү пунктунун ачылышы Кыргыз Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын, жүктөрүн жана транспорт каражаттарын чек ара аркылуу өткөрүү үчүн шарттарды түзүп, өлкөбүздүн транспорттук-экспорттук потенциалын жогорулатууга, өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин чыңдоого, ошондой эле туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Мындан тышкары, бул жаңы кошумча транспорттук коридор өлкөнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, анын ичинде Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына товарларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга оң таасирин тийгизери шексиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK