Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында 2024-жылдын июнь айында аткарылган иштер жөнүндө

2024-жылдын июнь айында Министрликтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук тармакта төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен 22 жолугушуу өткөрүлдү;   
  • документтештирүү боюнча 42 141 консулдук иш-аракеттер жана консулдук кызматтар көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча 8 447 консулдук иш-аракеттер аткарылды;     
  • консулдук-укуктук чөйрөдө жарандардын жазуу жүзүндөгү 134 кайрылуусу оң каралды;
  • консулдук кызматтарды алуу маселелери боюнча 18 899 жаранга консультациялар берилди; 
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш телефондору аркылуу 4 861 адамга консультация берилди; 
  • Кыргыз Республикасынын 1 376 жаранына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү;   
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына 83 консулдук чыгуулар уюштурулду;  
  • Кыргызстандын жарандарын кармоонун шарттары менен таанышуу жана аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Новосибирск жана Сургут (Россия) шаарларында жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайларга консулдук чыгуулар уюштурулду;    
  • Аль-Авир (Дубай, БАЭ), Будапешт (Венгрия), ошондой эле Красноярск жана Чистополь (Россия) шаарларында жайгашкан беш түзөтүү мекемелерине  консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндигинен ажыратууга соттолгон 44 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлдү;
  • Казакстанда экстрадициялык камакка алынган Кыргызстандын дагы эки жараны менен консулдук жолугушуулар уюштурулду;
  • консулдук кызматкерлер Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Венгриянын, Россиянын жана Түркиянын сотторунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча 6 сот отурумуна катышты;
  • Кыргыз Республикасынын 37 жаранын административдик жоопкерчиликтен бошотуу / алардын административдик жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелери иштелип чыкты;
  • Кыргыз Республикасынын 2 жаранына кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө / кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
  • Кыргыз Республикасынын 10 жаранынын 425 000 сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилди; 
  • Америкада, Болгарияда, Германияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Россияда, Сауд Аравиясында, Түркияда жана Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 27 жаранына мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү;  
  • Эл аралык миграция уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Палестинадагы Иордан дарыясынын батыш жээгинен Кыргыз Республикасынын 3 жаранын (эки жашы жете элек баласы менен энесин) эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты;
  • чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын 13 жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоого көмөк көрсөтүлдү;
  • Кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин катышуусу менен чет өлкөлөрдө 33 иш-чара өткөрүлдү;
  • Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн Каир (Египет) жана Тбилиси (Грузия) шаарларына консулдук иш-сапарлар уюштурулду;  
  • Министрликтин Консулдук департаментинин директору А.Букалаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин 31-жыйыны катышты;
  • Министрликтин Консулдук департаментинин директору А.Букалаев менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин Эл аралык укук жана кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Д.Бабекиндин ортосунда жолугушуу уюштурулуп, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарын өткөрүп берүү жол-жоболорун активдештирүү жана эки өлкөнүн аймагында адвокаттык ишти өз ара таануу жөнүндө эки мамлекеттин ортосунда Макулдашууну түзүү маселесин иштеп чыгуу үчүн жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Юстиция министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүү боюнча мындан аркы аракеттер макулдашылды;
  • Министрликтин Консулдук департаментинин Директору А.Букалаев менен Россия Федерациясынын Федералдык медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы И. Баланиндин ортосунда жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россия Федерациясында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси боюнча жолугушуу уюштурулду.

Министрлик Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте бул багытта жигердүү иштерди улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK