Чет мамлекеттердин аймагында соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасына которуу маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

Министрлик Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен бирдикте чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттердин алкагында өз компетенциясынын чегинде Россия Федерациясында жана башка чет мамлекеттерде эркиндигинен ажыратууга соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарын жазасын андан ары өтөө үчүн мекенине которуу маселелери боюнча туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына көмөк көрсөтүп келет.

Атап айтканда, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарын түзөтүү мекемелеринде кармоонун шарттары менен таанышуу, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасына которуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдоо максатында консулдук кызматкерлер чет мамлекеттердин 40 түзөтүү мекемелерине консулдук чыгууларды уюштуруп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 286 жараны менен жеке жолугушууларды өткөрүштү.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине соттолгондордон жазасын өз мекенинде өтөө боюнча келип түшкөн бардык арыздар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына андан ары кароо үчүн ыкчам түрдө жөнөтүлүп жатат.

Быйылкы жылы чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасына андан ары жазасын өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын 32 жараны которулган, алардын ичинен 29 – Россия Федерациясынан, 2 – Казакстан Республикасынан, 1 – Тажикстан Республикасынан. Кыргыз Республикасынын дагы 43 жаранын которуу стадиясында турат, алардын ичинен 40 – Россия Федерациясынан, 3 – Казакстан Республикасынан.

Белгилей кетсек, чет мамлекеттерде соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары дагы аларды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына түздөн-түз кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK