Екатеринбургда мекендештерге Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жана экономикалык реформалар боюнча айтып берилди

2024-жылдын 7-июлунда Уралдын борборунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруусунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеген делегациянын Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жашап жана ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан кыргыз диаспорасынын лидерлери, аксакалдары жана активисттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Максат Тентимишов жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мекендештерге Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жана экономикалык реформалар, анын ичинде инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ири долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен ишканаларды уюштуруу жана соода-логистикалык борборлорду куруу, өз алдынча «Кыргызэкспорт» мамлекеттик ишканасын түзүү аркылуу экспорттук потенциалды жылдыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтылды.

Өз кезегинде мекендештер Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө терең канааттанууну билдирип, кыргыз коомунун руханий-этикалык баалуулуктарын андан ары өнүктүрүүнүн жана өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоонун, анын ичинде аларга билим берүүнүн зарылчылыгына көңүл бурушту. Мындан тышкары, алар өз мекенинде жүргүзүлүп жаткан бизнес жана инвестициялык долбоорлорго катышуу боюнча өздөрүнүн демилгелерин билдиришти.

Маалымат катары: Делегация «ИННОПРОМ - 2024» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө (8-11-июль, 2024-ж.) катышуу үчүн Екатеринбург шаарына келди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK