Элчи Айдит Эркин «ЕБ менен инвестициялардын жана ишкер кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары» темасында энергетикалык тегерек столдун талкуусуна катышты

2024-ж. 2-июлунда Элчи А.Эркин «Европалык шайлоолорунан кийин ЕБ менен инвестиция жана ишкер кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары» темасындагы «энергетикалык тегерек столдун» интерактивдүү дискуссиясына катышты. Интерактивдүү талкууну Брюсселдеги энергетикалык клуб тарабынан уюштурулган. Иш-чарага аналитикалык жана эксперттик жамааттардын, эл аралык түзүмдөрдүн, ошондой эле дипломатиялык корпустун, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилигинин өкүлдөрү катышышкан.

Интерактивдүү дискуссиянын жүрүшүндө катышуучулар Борбордук Азиянын энергетика секторуна, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүгө, дүйнөлүк энергетика рыногунун башка негизги оюнчулары, анын ичинде Евробиримдик менен аймак ичиндеги кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө байланышкан маселелердин кеңири спектри боюнча пикир алмашышты.

Өз кезегинде Элчи А.Эркин Кыргызстандын энергетика секторунун чакырыктарын жана келечегин белгилөө менен Кыргыз Республикасынын жана жалпы эле Борбордук Азия регионунун энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана потенциалын күчөтүү үчүн финансылык инвестицияларды гана эмес, алдыңкы, экологиялык жактан коопсуз технологияларды да тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK