Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун Эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко менен жолугушту.

Анда Кыргызстан менен Беларустун эмгекти коргоо жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы өз ара кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Жолугушууда тараптар аталган багыттар боюнча кызматташууну активдештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы эки тараптуу макулдашууларды жаңылоого даяр экендиктерин белгилешти.

Мындан тышкары, Эрбол Султанбаев менен Наталия Павлюченко алдыдагы биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK