Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун өнөр жай министри Александр Рогожник менен өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жолдорун талкуулады

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Александр Рогожник менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы өнөр жай чөйрөсүндө, анын ичинде өнөр жай кооперациясы аркылуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында Беларустун айыл чарба техникасын жана тетиктерин чогултуу өндүрүшүн уюштуруу жана лифт жабдыктарды жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар өз ара пайдалуу долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга багытталган мындан аркы конкреттүү кызматташууга даяр экендигин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK