Элчи Эрбол Султанбаев Минск облустук аткаруу комитетинин төрагасы Александр Турчин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Минск облустук аткаруу комитетинин төрагасы Александр Турчин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Беларустун Минск облусу менен Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Минск облусунун башчысы Кыргызстандын аймактары менен өнөр жай кооперациясында жана айыл чарба тармагында кызматташуу үчүн түз карым-катнаш түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эки өлкөгө эки жактын бизнес делегацияларынын келип-кетиши боюнча маселени иштеп чыгууну, ошондой эле товарларды өз ара жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK