Элчи Максат Мамытканов Азербайжандын Тышкы иштер министри Джейхун Байрамовго Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

2024-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Джейхун Байрамовго Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Министр Джейхун Байрамов Элчи Максат Мамыткановду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Элчи Максат Мамытканов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого өз салымын кошууга даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы учурдагы эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешти жана кыргыз-азербайжан мамилелерин кеңейтүүнүн мындан аркы перспективаларын аныкташты. Маектештер ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу мүнөзгө ээ болгон алдыдагы иш-чараларды талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK