Элчи Омар Султановдун төрагалыгы астында “Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү – экономикалык өсүштүн, инклюзивдүүлүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн жолу” деген темада сайд-ивент болуп өттү

2024-жылдын 5-июлунда Элчи О.Султановдун төрагалыгы астында БУУнун Улуттар сарайында “Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү – экономикалык өсүштүн, инклюзивдүүлүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн жолу” деген темада сайд-ивент болуп өттү.

Бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн миссиялары жана Евробиримдиктин Женевадагы делегациясы биргелешип уюштурган иш-чара гендердик зомбулук менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн ортосундагы олуттуу байланыштарды баса белгиледи. Иш-чарага ЭЭУнун Эл аралык эмгек стандарттары департаментинин директору С.Варга да катышты.

Талкуу иш-чаранын катышуучуларына гендердик зомбулуктун дүйнөлүк экономикага жана жергиликтүү жамааттарга көп кырдуу таасирин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Талкуунун жүрүшүндө берилген негизги статистика жана изилдөөлөр көрсөткөндөй, гендердик теңчиликтин деңгээли жогору жана гендердик зомбулуктун деңгээли төмөн өлкөлөр экономикалык көрсөткүчтөргө жана туруктуу өсүшкө ээ. Бул контекстте ЭЭУ өкүлү Кыргызстандын “Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу жөнүндө” 190-конвенцияга кошулуу фактысын жогору баалады.

БУУ Адам укуктары боюнча Кеңешинде Кыргызстандын аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо боюнча демилгелеринин бир бөлүгү болуп саналган сайд-ивент келечектеги күн тартибин аныктады. Кыргызстандын үнү гендердик зомбулукка каршы күрөшүү башка кеңири максаттарга, анын ичинде, экономикалык өсүш, инклюзивдүүлүк жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн өтө маанилүү экенин ачык көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK