Элчи Аида Исмаилова Корея ТИМнин Түндүк-Чыгыш жана Борбор Азия иштери боюнча бюросунун башкы директору Ёнг Шин Канг менен жолугушту

2024-жылдын 4-июлунда КРдин Кореядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Исмаилова Корея ТИМнин Түндүк-Чыгыш жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун башкы директору Ёнг Шин Канг менен жолугушту. Элчи А.Исмаилова Ёнг Шин Канг мырзаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда тыгыз байланышты колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды өз ара алмашуунун маанилүүлүгүнө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Башкы директор Ёнг Шин Канг эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-корей Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын жакын арада өткөрүү максатка ылайыктуу экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK