Элчиси Муса Джаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту

2024-жылдын 6-июлунда Элчиликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Джаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Транспорттук-логистикалык жана гидроэнергетика тармагында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер өзгөчө белгиленди. Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдүн келечектүү биргелешкен долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты.

Тараптар ошондой эле өтө турган кыргыз-өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин талкуулашты. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Фонддун уставдык капиталын 200 млн. АКШ. көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн борбор шаарларында соода үйлөрүн ачуу боюнча мындан ары келечектүү пландарга токтолушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыктын бардык маселелерин ар тараптуу жана предметтик талкуулоо, ошондой эле учурдагы жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары жана Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басарынын деңгээлинде ВКС форматында жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK