Германиянын Рейндеги Ингельхайм шаарында Кыргызстанга арналган кече өткөрүлдү

2024-жылдын 6-июлунда Германиянын Рейнланд-Пфальц аймагынын Рейндеги Ингельхайм шаарында Кыргызстандын кечеси уюштурулду. Иш-чара Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин колдоосу менен кыргызстандыктардын «Kyrgyz Rhein Main Verein e.V» диаспоралык уюму жана Рейндеги Ингельхайм шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленип, өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө Кыргызстандын маданий байлыктары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү, өлкө жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, сувенирлер көргөзмөгө коюлду.

Андан сырткары кеченин коноктору үчүн улуттук тамак-аштар тартууланып, элдик бийлер, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда чыгармалар, сынактар өткөрүлүп, белгилүү эстрада ырчысы Мерген Тургандын аткаруусунда кыргыз ырлары жаңырды.

Өз кезегинде иш-чараны демилгелөөгө жана ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги кыргызстандыктардын “Kyrgyz Rhein Main Verein e.V” уюмунун жетекчилерине жана мүчөлөрүнө, ошондой эле Рейндеги Ингельхайм шаарынын мэриясынын көп түрдүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр бөлүмүнүн башчысы доктор Доминик Хиллебертке ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK