КР ТИМдин 2024-жылдын 13-июнуна карата маалымат билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кувейттин түштүгүндөгү Эль-Ахмади провинциясынын Манкаф шаарындагы ири өрттө 40тан ашуун адамдын өмүрүн алган кайгылуу окуяга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча азыркы учурда каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталган эмес.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги Кувейт мамлекетинин компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болууда.

Маалымдама: Кувейттин түштүгүндөгү Эль-Ахмади провинциясынын Манкаф шаарында чыккан өрттөн 43 адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Өлүм көпчүлүк учурларда, көптөгөн чет элдик жумушчулар болгон имараттарда түтүндүн муунтулушунан улам болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK