Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Омурбек Текебаев Германиянын Бундестагынын депутаты, Билим берүү, изилдөө жана технологиялык баалоо комитетинин төрагасы Кай Геринг менен жолугушту

2023-жылдын 26-январында Германиянын Бундестагында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Омурбек Текебаев Германиянын Бундестагынын депутаты, Билим берүү, изилдөө жана технологиялык баалоо комитетинин төрагасы Кай Геринг менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илимдеги кыргыз-германия кызматташтыгынын учурдагы маселелери талкууланды. Атап айтканда, Элчи О.Текебаев эки өлкөнүн жогорку, орто кесиптик-техникалык жана орто окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү жана кеңейтүү, илимий изилдөөлөр жаатындагы ийгиликтүү өз ара кызматташуунун ɵнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле, Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) аркылуу Кыргызстандык студенттерге жана илимпоздорго стипендиялык колдоону кеңейтүү жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлɵрүнɵ Германия Бундестагынын эл аралык парламенттик стипендиясын берүү мүмкүнчүлүгү маселелери каралды.
Бундестагдын депутаты К.Геринг Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы билим жана илим тармагындагы ийгиликтүү кызматташууну канаттануу менен белгилеп, бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.