КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын КРдагы жаңы дайындалган Элчиси (айкалаштыруу менен) д-р Жавад Мухаммед Аваддын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестина Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (айкалаштыруу менен) д-р Жавад Мухаммед Аваддын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.
А.Артыкбаев Ж.Авадды жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-палестин мамилелеринин өнүктүрүүдө ага ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасы Палестина Мамлекети менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.
Тараптар кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, атап айтканда, укуктук-келишим базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги байланыштарды түзүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде, Ж.Авад А.Артыкбаевдин жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө зарыл болгон күч-аракетин жумшап, дайыма байланышта боло тургандыгына билдирди.