Кыргыз Республикасы “Борбордук Азия жана Япония” бизнес-диалог форматындагы экинчи жолугушууга катышты

2024-жылдын 4-июлунда Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев «Борбордук Азия жана Япония» бизнес диалогу форматындагы экинчи жолугушууга катышты.

Иш-чарага ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Япониядагы Элчилери, Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин, Япониянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Япониянын Россия жана КМШ өлкөлөрү менен соода Ассоциациясынын (РОТОБО) Президенти М.Ииджима мырза, Marubeni Corporation, Mitsubishi Corporation, ITOCHU Corporation жана Борбордук Азия менен бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон башка япон ишкерлери катышты.

Бизнес-диалогдун максаты Борбордук Азия менен Япониянын ортосунда байланыш түзүү, ой-пикир алмашуу, ошондой эле соода, инвестиция жана бизнес чөйрөсүндө позитивдүү атмосфераны түзүүгө багытталган.

Диалогдун катышуучулары экономикалык байланыштарды чыңдоо, сооданы жана инвестицияны кеңейтүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Борбордук Азиянын геосаясий мааниси, региондун бай жаратылыш ресурстары, энергетика, экология жана адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги жана ушул жылдын август айында Астана шаарында өткөрүлүшү пландалып жатканы “Борбор Азия + Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK