Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Болот Отунбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Дестро менен адам укуктары жана акыйкаттык маселелерин талкуулады

2020-жылдын 11-майында Америкалык тараптын демилгеси менен, АКШдагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Болот Отунбаев АКШнын Мамлекеттик катчынын адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча жардамчысы Роберт Дестро менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин келечеги (алардын ичинде COVID-19 эпидемиясынын фонундагы), ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын биргелешкен кызматташтыгынын багыттары талкууланды.
Тараптар Кыргызстандын региондогу демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, ушул багыттар боюнча эки тараптуу тең укуктуу диалогду өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK