Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Г.Анарбаев КРнын ТИМнин жана КРнан БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлчүлүгүнүн колдосу менен KБУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында “Эл аралык терроризм менен уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы байланыш” деген темада кеңешмеге катышты

2019-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Г.Анарбаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынан БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлчүлүгүнүн колдосу менен KБУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында “Эл аралык терроризм менен уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы байланыш” деген темада Бириккен Улуттар Уюмунун Террорчулукка каршы комитети, ислам мамлекеттери (ДАИШ) жана “Аль-Каидага” каршы санкциялар боюнча комитети, ошондой эле “Талибан” кыймылына каршы санкциялар боюнча комитети тарабынан уюштурулганатайын биргелешкен кеңешмеге катышты.

Талкуулар БУУнун Террорчулукка каршы комитетинин (БУУ ТКК) төрагасы, БУУдагы Перу Республикасынын Туруктуу өкүлү Меза-Куадранын жана ислам мамлекеттери  (ДАИШ) жана “Аль-Каидага” каршы санкциялар боюнча комитетинин төрагасынын жана 1988-(2011) - резолюцияга ылайык 1267/1989/2253уюшулганКоопсуздук Кеңешинин Комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруучу, БУУдагы Индонезия Республикасынын Туруктуу өкүлү   Диан Трианся Джанинин жетекчилиги астында өткөрүлдү.

Террорчулук жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы  байланыштардын келип чыгуу табиятын жана анын негизги себептерин аныктоо бул иш-чаранын максаты болуп саналды. Иш-чаранын катышуучулары бул көйгөйлөрдүн негизги аспектилерин талкуулашты жана регионалдык жана эл аралык кызматташууну андан-ары бекемдөө зарылдыгын баса белгилешти.

Талкуулоочу топтун курамына мүчө-мамлекеттердин, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, илимий мекемелердин жана БУУнун Террорчулукка каршы комитетинин Аткаруучу Директоратынын  глобалдык изилдөө тармагына мүчө-уюмдардынөкүлдөрү кирген.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Г.Анарбаев, КРӨгө караштуу ФЧМКнын террорчулукка каршы, анын ичинде террористтик максаттар үчүн жыйымдардын криминалдык жол менен каржылануусун болтурбоо боюнча жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Алсак, ал белгилегендей, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы кылмыштуу топтордун финансылык операцияларына туруктуу мониторинг жүргүзүп турат. Шектүү транзакция учурунда маалымат укук коргоо органдарына токтоосуз жөнөтүлөт.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK