Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министри шейх Ахмад Насыр  Аль Сабахка ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

2021-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министри шейх Ахмад Насыр  Аль Сабахка ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Тапшыруу аземинин алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү талкууланды. Министр шейх Ахмад Насыр  Аль Сабах А.Карагуловду кызматына киришип жаткандыгына карата куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелеп ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

А.Карагулов жыйынтыктоочу сөзүндө ыраазычылыгын билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө болгон күчүн жумашай тургандыгын белгиледи.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK