Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Эрик Бейшембиев «Onsole»  компаниясынын ири бут кийим фабрикасында барды

2021-жылдын 26-февралында Пакистан Ислам Республикасынын Пенджаб провинциясынын Лахор шаарына болгон иш-сапардын  алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Эрик Бейшембиев «Onsole»  компаниясынын ири бут кийим фабрикасында барды.

Иш-чаранын алкагында, Кыргызстандын ЕАЭБде мүчөлүгүн эске алуу менен, Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ачуу маселелери талкууланды.

«Onsole» компаниясынын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын изилдөө үчүн, ошондой эле түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасына келүүгө даяр экендигин билдирди.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK