Кыргыз Республикасынын Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Румыниянын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кристиан-Леон Туркану менен жолугушту

2021-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Румыниянын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кристиан-Леон Туркану менен жолугушту.

Тараптар өз ара пайдалуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн тараптар бардык деңгээлдеги эки тараптуу визиттерди уюштурууну, Кыргызстан менен Румыниянын Тышкы иштер министрликтеринин Биргелешкен аракеттер планына кол коюуну, эки тараптуу укуктук базаны кеңейтүүнү, Кыргызстандын ЕБ жана Румыния менен кызматташтыгын тереңдетүүнү, эл аралык уюмдардын алкагында демилгелерди колдоону макулдашышып, коомдук дипломатиянын өз ара пайдалуу кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын алдыга жылдыруу максатында Ардактуу консулдарынын институттарын жана парламенттер аралык достук топторун натыйжалуу пайдаланууну сүйлөшүштү.

Румыния Элчиси Бухарест Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Тараптар эки тараптуу түз байланыштарды улантууга жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK