Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Мирослав Лайчак менен жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча ЖМКлардын астында сүйлөгөн сөзү (2019-жылдын 9- апрели, Бишкек ш.)

Урматтуу ЖМК өкүлдөрү!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

 

Бүгүн, Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Мирослав Лайчак мырза менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө Словакия жана Кыргызстан үчүн өз ара кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу болуп өттү.

Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Мирослав Лайчак мырзанын биринчи иш сапары Словакия Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жүргүзүп жаткан Кыргызстандын саясатынын уланып жаткандыгын дагы бир жолу тастыктайт. Бул кызматташтык эки мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына кызмат кылат.

Бүгүн, биз КРнын Словакия менен кызматташтыгынын төмөнкү негизги приоритеттүү багыттары боюнча: айыл чарба, энергетика, транспорт жана инфратүзүм, финансы, туризм жана чийки заттарды кайра иштетүү чөйрөлөрүндөгү актуалдуу маселелерди карап чыктык.

20-кылымдын 30-жылдарында «Интергельпо» кооперативинин алкагында өнөй жай чөйрөлөрүн өнүктүрүү  максатында Кыргызстанга Словакия, Чехия жана Венгриядан адамдар көчүп келгенин билесиздер. Ушуга байланыштуу, биз Кыргыз Республикасынын аймагында аталган кооперативди кайра жаратуу мүмкүнчүлүгүн жана преференциялардын жалпы тутуму (ВСП+) статусунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Словакиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды күчөтүүнү талкууладык. 

Биз эки тараптуу диалогдун натыйжалуулугун жогорулатууда кошумча иштөөчү чара боло турган, парламенттер аралык кызматташтыкты жандандыруунун зарылчылыгын талкууладык. 

Ушуну менен бирге, Борбор Азия региондорунда коопсуздукту камсыз кылуу жана Вышеград 4 + Борбор Азия аянтчасынын алкагында түзүлгөн мындан аркы кызматташуу биз үчүн приоритеттүү багыттар болуп калууда. 

Ошондой эле биз Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин жаңы Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча консультациялардын жүрүшүн талкууладык, аны ушул жылы кабыл алуу пландалууда. 

Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Мирослав Лайчак Кыргызстанга ЕККУнун учурдагы Төрагасы катары келип жатканын өзгөчө белгилейбиз. Бул иш сапардын ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылышынын 20 жылдыгына туура келгендиги символикалуу мааниге ээ.

Жолугушуубуздун жүрүшүндө биз ошондой эле Кыргызстан менен ЕККУнун учурдагы абалын жана өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкууладык. Парламенттик демократияны мындан ары өнүктүрүү жана шайлоо системасын өркүндөтүү, атап айтканда, 2020-жылы парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча Кыргызстандын аракеттерин колдоого алуу маанилүүлүгү тараптар тарабынан белгиленди.

Демократиялык процесстерди мындан ары колдоо, өлкөнүн туруктуулугу менен коопсуздугун бекемдөө боюнча өз ара конструктивдүү кызматташтыкты улантуу ниети тастыкталды.

Сөзүмдүн аягында, биз Словакия Республикасы менен болгон мамилелерибизди жогору бааларыбызды жана алардын мындан аркы бекемделишине ишеним артаарыбызды белгилеп кетким келет.  

Бул контекстте мен биздин конструктивдүү диалогубуз бардык деңгээлдерде уланат деп ишенем.

Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK