Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен жолукту (5-апрель, Москва шаары).

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун Башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында өз ара аракеттенүүнү, товарлардын транзитине байланыштуу абалды чечүүнүн жолдорун талкуулашты. 
Тараптар ошондой эле ушул жылга пландалып жаткан жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK