Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүгүү программасынын (БУУӨП) Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык бюросунун директору Мирьяна Сполярич Эггер айым менен жолукту

2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүгүү программасынын (БУУӨП) Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык бюросунун директору Мирьяна Сполярич Эггер айым менен жолукту.

Маектин жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын БУУӨП менен кызматташуусуна тийешелүү маселелерди кеңири талкуулашты. Мирьяна Сполярич Эггер туруктуу өнүгүү жаатында Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жатканын маалымдады. 

Министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасына дайым колдоо көрсөтүп жатканы үчүн БУУӨПкө ыраазычылык билдирүү менен бирге, учурдун приоритеттери КОВИД-19 пандемиясынын кесепетинен пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү, ирригациялык инфратүзүмдү оңдоо, жакырчылыкты жоюу, Баткен областында социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, тышкы карызды туруктуу өнүгүү жаатындагы долбоорлорго алмаштыруу, глобалдык жылуулуктун кесепеттерине каршы  күрөшүү жана аларды жеңилдетүү, “жашыл” технологияларды жана энергетиканы өнүктүрүү, мөңгүлөрдү сактоо ж.б. болуп саналарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүлөрдү жумушчу деңгээлде улантууну макулдашышты жана мындан аркы жемиштүү, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташууга ишеничин билдиришти.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK