Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы үчүнчү саясий кеңешмелер тууралуу

2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы үчүнчү саясий кеңешмелери болуп өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, кувейттик тараптан Министрдин жардамчысы – Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин директору Самих Иса Аль-Жаухар Хаят жетектешти.

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты. Тараптар мындан аркы өз ара кызматташуунун артыкчылыктары боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери боюнча бирдиктүү пикир алмашышты. Министрдин орун басары Авазбек Атаханов эки өлкөнүн экономикалык потенциалындагы биргелешкен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Араб координациялык тобунун (АКГ) алкагында ошондой эле “Борбор Азия – Араб Кызматташтык Кеңешинин” форматында өз ара аракеттенүүнү тыгыз активдештирүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, кеңешмелердин жүрүшүндө эл аралык кун тартибинин бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуулар болду. Тараптар аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоого өз ара кызыкдар экенин, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен аракеттердин актуалдуулугун белгилешти. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында, атап айтканда, БУУда, ИКУда жана башкаларда бири-бирине колдоо көрсөтүү менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK