Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Коллегиянын жыйыны өттү

2023-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун катышуусу менен тышкы саясий ведомствонун 2022-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары боюнча КРнын ТИМнин Коллегиясынын жыйыны болуп өттү. 

А.У.Жапаров 2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун төрагалыгында мамлекеттик органдардын 2022-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу отурумунда КРнын Тышкы иштер министрлигинин ишине оң баа берилгенин, ошону менен бирге, Министрлик мындан ары да тышкы саясий ведомствонун алдына коюлган милдеттерди аткарууга бардык күч-аракетин жумшоосу зарыл экендигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын туруктуу жана стабилдүү өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калктын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу, эл аралык саясий байланыштарды колдоо жана өнүктүрүү, коопсуздук, тышкы экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык кызматташтык жаатында байланыштарды кеңейтүү зарылдыгына басым жасады.

2022-жылдын жыйынтыктарын чыгаруу менен, КРнын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана аны ишке ашыруу боюнча КРнын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планында, ошондой эле дүйнөдө геосаясий чыңалуунун күчөшүнө жана дүйнөлүк экономикалык кризистин тереңдешине байланыштуу иштелип чыккан КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата Антикризистик чаралар планында белгиленген приоритеттерди ишке ашыруу алкагында КРнын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердигинин негизги жыйынтыктарын белгиледи.

Союздаштар жана өнөктөштөр менен саясий диалогду жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишүү КРнын ТИМнин өткөн мезгилдеги ишинин негизги жыйынтыктарынын бири болуп санала турганын Министр баса белгиледи.

Иштин жыйынтыктарын чыгаруу менен катар КРнын ТИМнин Коллегиясында тышкы саясий ведомствонун орто мөөнөттүү перспективага артыкчылыктуу милдеттери аныкталды. Экономикалык дипломатияны өнүктүрүү, инвестиция тартууга көмөктөшүү, ата мекендик экспортту, туристтик потенциалды илгерилетүү, өлкөнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу тышкы саясий шарттарды түзүү жана чет өлкөдө КРнын жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти жигердүү улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле КРнын ТИМнин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ишине баа берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK