Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 8-апрелиндеги Пресс-релизи

Бүгүн, ушул жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министрдин орун басары А.Мадмаров, Маалымат департаментинин директору М.Азымбакиев жана Министрликтин Пресс-катчысы У.Дыйканбаевдин катышуусунда, кыргызстандык жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн КР ТИМинин жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бирдиктүү веб-порталын иштетүү жөнүндө брифинг болуп өттү.

Брифингде Кыргыз Республикасынын өзүнчө чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана КР ТИМдин ведомствого караштуу уюмдардын веб-порталынын башкы бетинин контенти көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK