Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 16-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путин тарабынан Жарлыкка кол коюлду. Бул Жарлыкка ылайык, Россиянын аймагында убактылуу/туруктуу негизде жүргөн жана жашап жаткан жана Россияга 2020-жылдын 15-мартына чейин келген чет өлкөлүктөргө (же жарандыгы жок адамдарга), мунун ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына, 2021-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө алардын укуктук абалын жана/же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү жөнгө салуу укугу берилди.

Аталган категориядагы чет өлкөлүк жарандарга (жарандыгы жок адамдарга) мажбурлап чыгарып салуу, же болбосо көзөмөл астында өз алдынча чыгып кетүү, депортациялоо же Россия Федерациясынын реадмиссия жөнүндөгү эл аралык келишимине ылайык чет өлкөлүк мамлекетке өткөрүп берүү түрүндө Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгарып салуу чечимдери, мындай чет өлкөлүктөр (жарандыгы жоктор) россиялык башка мыйзамдарды бузбаган учурда, кабыл алынбайт.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 16-июнунан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Евразиялык экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин жарандары (мунун ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары) Россия Федерациясынын аймагына кирип жаткан учурда көрсөткөн бул өлкөгө кирүү максатына коюлуучу талаптарга карабастан, жумуш берүүчүлөр же буюртмачылар менен жумуштарды аткаруу (кызматтарды көрсөтүү) жөнүндө эмгек же жарандык-укуктук келишимдерди түзө алышат.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK