Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 25-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын жараны 9 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Аталган жарандын кармалышынын негиздерин жана жагдайларын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ыкчам түрдө Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары менен байланышкан. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кармалган адам Кыргыз Республикасынын жараны. Аталган факты боюнча Свердлов облусунун укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Башкы консулдук Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынан аталган адамдын жеке маалыматтары менен кармалгандыгы жөнүндө расмий билдирүүнү күтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK