Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бирдиктүү веб-порталын расмий иштетүүсү тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 8-апрелиндеги Пресс-релизи

Маалымат департаменти, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бирдиктүү жаңы веб-порталын расмий  иштетүүсү тууралуу маалымдайт.

Маалымат департаменти, вебпорталдын иштеп чыгуучусу –  КРнын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу  “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иштеди жана ал төмөнкү максаттарды көздөйт: биздин өлкөнүн дипломатиялык кызматынын органдарынын тышкы саясий иш-чараларынын маалыматтык коштоосун жакшыртуу, ар кандай маселелер, анын ичинде: конкреттүү өлкө менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык  кызматташуунун абалы, чет өлкөдө биздин жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, консулдук кызмат көрсөтүүлөр ж.б. маселелер сыяктуу бардык каалоочулар т.а. бардык “пайдалануучулар” үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү ж.б.

КР ТИМинин жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бирдиктүү  вебпорталы  буга чейин ар башка стилде, форматта жана контентте болгон 37 өз-өзүнчө вебсайттарды алмаштырып, бирдиктүү техникалык жана стилистикалык чечилишке ээ болду. Мындай чечим маалыматтар базасын жана маалыматтык ресурстардын корголушун камсыз кылат, финансылык ресурстарды үнөмдөйт, маалыматтык мейкиндикте биздин өлкөнүн таанымалдыгын жогорулатат.

Ошондой эле иштеп чыгуунун астында Кыргызстандан сырткары жүргөн колдонуучулардын ишин жеңилдетүүгө байланыштуу маселелер эске алынгандыгын белгилеп кетүү керек. Бул үчүн биздин Мекенибизден сырткары жүргөн мекендештерибиз үчүн кыйла маанилүү жер шарыбыздын кайсы болбосун жеринде, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу жеткиликтүү  болгон мобилдик версиясы иштеп чыгарылган жана иштеп жатат.

 КР ТИМдин жаңы бирдиктүү веб-порталынын концепциясы бирдиктүү маалымат берүү  системаланган түзүмгө ээ, көп функционалдуу инструмент катары, комплекстүү веб-ресурсту түзүүдөн турат. Маалыматтык-маалымдама контентти алуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгынын, айкындуулугунун жана жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн “бирдиктүү терезе” принциби киргизилди. 

Бирдиктүү веб-порталдын башкы бетинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн (Консулдук кызмат департаменти), ведомствого караштуу уюмдар (Дипломатиялык академия, «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы), КР ТИМдин Баткен, Жалалабад жана Ош областтарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн үч тилде (кыргыз, орус, англис) жеке веб-сайттары иштеп жатат.

КР ТИМинин жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жаңы бирдиктүү вебпорталы КР дипломатиялык кызматынын бүткүл системасынын маалыматтык коопсуздугун жаңы деңгээлге чыгарууга багытталгандыгын жана бирдиктүү технологиялык чечимдердин негизинде Министрликтин маалыматтык ресурстарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

КР ТИМ

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK