Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү Комитети КР ТИМдин 2019-жыл үчүн отчетун жактырды

2020-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча Комитетине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Өз сөзүндө Министр өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн жана КР ТИМдин 2019-жылдагы ишинин негизги моменттерин айтып берди.

Өз кезегинде, Комитеттин мүчөлөрү КР ТИМдин алдына коюлган тапшырмалар негизинен аткарылгандыгын белгилешти. 2019-жылы Министрликтин ишмердүүлүгү стратегиялык өнөктөштөр менен достук мамилелерди андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, чектеш мамлекеттер менен жакшы кошуналык мамилелерди илгерилетүүгө жана орнотууга, чет мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууга, региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү колдоого, экономикалык дипломатиянын маселелерин илгерилетүүгө жана чет жердеги КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Министрликтин статистикалык маалыматына көңүл бурулду: атап айтканда, 2019-жылы жогорку жана эң жогорку денгээлдердеги 95 иш-сапар болуп өттү. Алардын ичинен, Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин жогорку даражадагы адамдарынын катышуусунда 35 иш-сапар жана иш-чара болду, ошондой эле КРнын делегацияларынын чет өлкөлөргө 60 иш-сапары болду. Ошондой эле өткөн жылы 10 Өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйыны жана 20 тышкы иштер министрликтер аралык консультациялар болуп өттү.

Экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча ТИМдин ишмердүүлүгү өзгөчө белгиленди: КРда жана чет өлкөлөрдө 62 бизнес-форум жана роуд-шоу, 343 презентация өткөрүлдү, чет элдик бизнес делегациялардын КРга 350 иш сапары болду.

Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасы 8 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөндүгү Комитеттин мүчөлөрү тарабынан белгиленди. Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамилелерди түзгөн мамлекеттердин жалпы саны 164 өлкөнү түзөт.

Тышкы саясий ведомствонун чет жердеги КР жарандарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иши баса белгиленди. КРнын консулдук мекемелеринин географиясы кеңейтилди, КРнын Новосибирскдеги Башкы консулдугу уюмдаштырылды. Россиянын – Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск жана Сургут шаарларында консулдук канцеляриялар ачылуу баскычында турат. «Электрондук виза» системасын ишке киргизгенден бери ар кандай категориядагы 75 миң виза берилген. 60 күндүк мөөнөт менен визасыз режим жайылтылган жарандар боюнча өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Учурда бир тараптуу визасыз режим дүйнөнүн 52 мамлекетине каралган.

Министрдин маалыматын угуп, талкуунун жыйынтыгында, Комитет Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отчетту жактырды.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK