Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин«Kyushukougyo» компаниясынын директору Хиронобу Мацузаки мырза менен жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин «Kyushukougyo» компаниясынын директору Хиронобу Мацузаки мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

​Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар куруш чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Курулуш тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикиралмашуу болду. Аталган компания сапаттуу инфратүзүмдүк объектилерди куруу боюнча (көпүрөлөр, жолдор ж.б.) алдыңкы тажрыйбага ээ.

Компаниянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча компаниянын өкүлдөрү эл аралык авиакаттамдар кайра жандандырылгандан кийин Кыргыз Республикасына иш сапары менен келүү ниетин билдиришти.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK