Кыргызстандын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигинин Консулу Тюбинген шаарында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында бала бакчаны шефтикке алуу жана колдоо көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашырып жаткан Германиянын жараны Марта Штирнер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигинин Консулу 2021-жылдын 20-октябрында Тюбинген шаарында (Баден-Вюрттемберг федералдык штаты) Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында, ага жакын 3 айылдан 230 бала тарбияланып жаткан бала бакчаны шефтикке алуу жана колдоо көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашырып жаткан Германиянын жараны Марта Штирнер менен жолугушту.

Бала бакчанын колдоосуна, ошондой эле Тамчы айылынын жанында 1 гектар аянтта жайгашкан бакчага жардам берүү да кирет, ал үчүн Марта Штирнер кайрымдуулуктан каражат чогултат жана ал каражатты көчөттөрдү сатып алууга, сугарууга, тосмо орнотууга, экономикалык инфраструктура жана башкага пайдаланат.

2021-жылдын март айынан бери жемиш бакчасына 460ка жакын алча, өрүк, алмурут жана алма дарактарынын көчөттөрү отургузулду. Аянтта бактардын арасына жашылчалар отургузулат. Түшкөн түшүм жогоруда аталган бала бакчанын балдарына керектелет, ашыкчасы базарда сатылат жана андан түшкөн каражат дагы бала бакчанын муктаждыктарына жумшалат.

Марта Штирнер өткөн кылымдын 90-жылдарында, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болуунун алдында турганда Кыргызстанда жашап, иштеген, ошондой эле немис тилинен сабак берип, кыргыз мугалимдери үчүн немис тили боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурган. Ошондон бери анын Кыргызстанда көптөгөн достору жана тааныштары бар. 2019-жылы Марта Штирнер Германиядагы мурдагы мугалим-кесиптештери үчүн Кыргызстанга саякат уюштурган. Кыргызстанды 20 күндөй кыдыргандан кийин, анын жаратылышынын кооздугуна жана кыргыздардын меймандостугуна суктанган коноктор Тюбингенде «Кыргызстандын достору» аттуу коомдук бирикме түзүү чечимин кабыл алышкан. Бул бирикмеге 20дан ашык Германиянын жана биздин өлкөнүн жарандары кирген. Тюбингенде «Кыргызстандын достору» аттуу коомдук бирикменин башкы максаты так ушул Тамчы айылындагы бала бакчаны колдоо, анын ичинде бул айылдын жемиш бакчасын каржылоо болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз консулу Марта Штирнерге чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаевдин атынан Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

Ошондой эле Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы бул социалдык маанилүү долбоор, Кыргызстандын өзүндө да, ошондой эле чет өлкөлөрдө да белгилүү бир ресурстары бар кыргызстандыктар, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү көптөгөн кыргызстандыктардын коомдук диаспора уюмдарына келечекте мындай гуманитардык мүнөздөгү мини-долбоорлор биздин өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылышы үчүн үлгү боло алары белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK