Кыргызстандын Кувейтеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Марзук Али Аль-Ганим менен жолугушту

2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси Азамат Карагуловдун Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын Спикери Марзук Али Аль-Ганим менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар кыргыз-кувейт мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, эки өлкөнүн депутаттык достук топторунун ортосундагы байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А. Карагулов М. Аль-Ганимге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун Кыргыз Республикасына келүүгө чакыруу катын тапшырды.
Өз кезегинде, М. Аль-Ганим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Мамытовго чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын чыңдоого даярдыгын билдирди. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.