Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Лахор Соода-өнөр жай палатасынын (LCCI) Президенти Миан Тарик Мисбах мырза жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту

2021-жылдын 27-февралында Пакистан Ислам Республикасынын Пенджаб провинциясынын Лахор шаарына болгон иш-сапардын алкагында, Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Лахор Соода-өнөр жай палатасынын (LCCI) Президенти Миан Тарик Мисбах мырза жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тараптар соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүү боюнча конкреттүү чараларды талкуулашты.

Элчи Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик потенциалы жөнүндө жана Пакистандын ири шаарларынан Бишкекке түз туруктуу аба каттамдарынын ачылышы жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде, пакистандык тарап соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм жаатындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин билдирип, ошондой эле жакынкы аралыкта палатанын мүчөлөрүнөн түзүзүлгөн курам менен Кыргыз Республикасына иш сапар менен барууну мүмкүн экендигин жарыялады.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK