Министр Жээнбек Кулубаев Алматы шаарында өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев 2024-жылдын 21-июнунда Алматы шаарында Казакстан Республикасынын төрагалыгында өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунда эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле Уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK