Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУ БКБ Борбордук Азия боюнча Регионалдык өкүлү Ашита Миттал менен анын миссиясы аякташына байланыштуу жолугушту

2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбордук Азия боюнча Регионалдык өкүлү Ашита Миттал менен анын БУУ БКБ Регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы сапатындагы миссиясы аякташына байланыштуу жолугушуусу өттү.

А.Миттал Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, анын ичинде жаңы технологияларды колдонуу, республиканын пенитенциардык тутумун олуттуу өнүктүрүү, атап айтканда, түрмөлөрдү эсепке алуу жол-жоболорун жана кайтаруу тутумун санариптештирүү, ошондой эле Сирия менен Ирактан келген аялдар менен балдарды репатриациялоо, аларды кийинки реабилитациялоо жана реинтеграциялоо жаатындагы ийгиликтерин белгиледи.

Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан баңги кылмыштуулугуна каршы күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, А.Миттал республиканын жаңы технологияларды колдонуудагы ийгиликтүү тажрыйбасына, тактап айтканда баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөрдү ташууну жана өстүрүүнү мониторингдөө үчүн БПЛА киргизүүсү тууралуу кеңири токтолду. Бул тажрыйба Борбордук Азияда алдыңкы болуп саналат, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн кызыгууну жараткан, ага Вена шаарында Баңги каражаттары боюнча БУУнун Комиссиясынын ишинин алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чараларга өлкөлөрдүн катышуусу далил.

Ошондой эле А.Миттал сот адилеттиги жана пробация маселелери боюнча JUST4ALL долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышын жана ал 2-фазага 2025-жылы узартылаарын белгиледи.

А.Исаев өз кезегинде А.Митталга БУУ БКБнын аймактагы, тактап айтканда Кыргыз Республикасындагы иши боюнча жемиштүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирди.

А.Исаев БУУ БКБнын Бишкек шаарында пробация маселелери боюнча Эл аралык форумун өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул иш-чара региондогу өлкөлөрдүн пробация кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарын согуштук зоналарынан мекенине кайтаруу жана аларды өз өлкөлөрүнүн коомчулугуна андан ары реинтеграциялоо контекстинде маанилүү болуп саналат.

Министрдин биринчи орун басары А.Исаев өлкөнүн жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү максатында БУУ БКБ менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экендигин билдирип, А.Митталга БУУ тутумундагы ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK