Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Иванович Вакуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2024-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары А.Исаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Иванович Вакуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык мамилелерин өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду тереңдетүү жана соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү арттыруу талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK