Министрдин орун басары А.Атаханов Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин актуалдаштыруу маселелери боюнча "AFRY Switzerland Ltd " консультанттары жана Дүйнөлүк банктын эксперттери менен жолугушту

2024-жылдын 21-июнунда Тышкы иштер министрлигинде Тышкы иштер министринин орун басары А.Атахановдун «AFRY Switzerland Ltd.» компаниясынын консультанттары жана Дүйнөлүк банктын эксперттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Тышкы иштер министринин орун басары А.Атаханов Камбар-Ата-1 ГЭСи аймакты туруктуу өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жана энергетикалык коопсуздукту жакшыртуу үчүн маанилүү долбоор экенин белгиледи.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин актуалдаштыруу боюнча алдыдагы иштер, анын ичинде аны аткаруу мөөнөттөрү жөнүндө маалымат беришти.

Тышкы иштер министринин орун басары А.Атаханов Борбор Азиядагы бул инвестициялык мега долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы региондун туруктуу жана гармониялуу өнүгүүсүнө карай маанилүү кадам болот деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында жалпы максаттарга жетүү үчүн активдүү өз ара аракеттенүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK